Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Садыр Жапаров Кытай элчиси менен кыргыз-кытай кызматташтыгын талкуулады


Садыр Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алган учуру. 30-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алган учуру. 30-октябрь, 2020-жыл.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 30-октябрда, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик сайт кабарлады.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаров элчи менен баарлашууда Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал кыска убакыттын ичинде турукташканын белгиледи. Ал Кытай менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналарын да кошумчалады.

Садыр Жапаров ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу жана гуманитардык жардамы үчүн Кытай тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Мындан сырткары, президенттин милдетин аткаруучу элчи Ду Дэвэндин эки өлкө ортосундагы достукту чыңдоого кошкон жеке салымын белгилеп, Кыргызстан Кытай менен мындан ары да жемиштүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь Кытай өкмөтүнүн атынан Садыр Жапаровду Кыргызстандын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.

«Кытай менен Кыргызстан жакшы кошуналар жана ишенимдүү өнөктөштөр. Эки өлкө элинин ортосундагы достук мамилелердин тамыры тээ алыскы тарыхка, байыркы Улуу Жибек жолу мезгилине барып такалат. Кытай Кыргызстанга тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү чын дилинен каалайт жана мүмкүн болушунча ар дайым жардам берүүгө даяр», — деп билдирди Ду Дэвэнь.

Сүйлөшүүнүн алкагында элчи өлкөдө иштеп жаткан кытайлык компаниялардын жана ишканалардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесине көңүл бурду.

Садыр Жапаров элчини кытайлык инвесторлор жана ишканалар өздөрүн коопсуз деп сезе беришсин деп ишендирди.

Тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши тууралуу маселени да талкууга алышты. Элчи жүктөрдү өткөрүү боюнча учурдагы алгоритмге байланыштуу көйгөйлүү маселелерди талкуулоо үчүн ушул жылдын 6-ноябрында эки өлкөнүн тийиштүү органдарынын өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу пландаштырылып жатканын маалымдады.

«Сентябрдын башынан тартып «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иштеп башташы кытай элинин кыргыз элине карата болгон жакшы мамилесин тастыктайт. Бирок пандемиядан улам өлкөлөр жаңы шарттарга көнүшү керек, бул техникалык гана мүнөздө болот, анткени карантиндин талаптары өтө жогору»,-деди Ду Дэвэнь.

Тараптар бир катар эки жактуу долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине токтолушту.

Жолугушуунун аягында тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын күн тартибинде турган актуалдуу маселелерди чечүү үчүн жигердүү диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Кытайдын Бишкектеги элчиси Ду Дэвэн 16-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен да жолуккан болчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG