Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

АКШ Кыргызстанга шайлоо өткөрүүгө көмөктөшөт


АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын биринчи орун басары Жонатан Хеник.
АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын биринчи орун басары Жонатан Хеник.

АКШ Кыргызстанга шайлоо өткөрүү жана коронавируска каршы күрөшүү жагынан көмөктөшөт. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысынын биринчи орун басары Жонатан Хеник АКШнын Тынчтык институту 28-октябрда уюштурган талкууга катышканда айтты.

«Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2021-жылы кечирээк болорун билдик, ал шайлоо эркин жана таза өтөт деп үмүттөнөбүз. Кыргызстандын жетекчилиги Конституцияны жана мыйзам үстөмдүгүн сакташы өтө маанилүү. Кыргыз Республикасынын лидерлери уюшкан кылмыштуу топтордун саясатка жана шайлоо жараянына тийгизген таасирин токтотуш үчүн күрөштү улантышы керек. Айрыкча уюшкан кылмыштуу топтун анабашы Камчыбек Көлбаев жана Райымбек Матраимовду кармап, жоопко тартуу аракетин колдойбуз», - деди Мамлекеттик департаменттин өкүлү.

Мамлекеттик департамент Көлбаевдин кылмыштуу түйүнүнүн бетин ачканга бир миллион доллар сый акы сунуш кылган. «Азаттык» радиосу өнөктөштөрү менен кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аралашкан аткезчилик жана акча адалдаштыруу схемасынын бетин ачкан. Бажыдагы тамырлашкан коррупциянын айынын 700 миллион доллар Кыргызстандын чыгып кеткенин журналисттер таап тапкан.

Мамдепартаменттин өкүлү эл аралык коомчулуктун колдоосу «Бишкектеги жаңы өкмөттүн демократиялык процесстерди колдоп, уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттеринен көз каранды» экенин баса белгиледи.

«Биз Кыргызстандагы өнөктөштөрүбүз менен такай байланышта болуп, Кошмо Штаттар алдыда болчу шайлоого, коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүүгө жана пандемия менен күрөшкө көмөктөшөт» - деди Хеник.

АКШ Кыргызстан эгемендикке жетишкенден бери эки миллиард доллардан ашуун көмөк көрсөттү, анын ичинде быйыл беш миллион долларды COVID-19га каршы күрөшүүгө бөлдү.

XS
SM
MD
LG