Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

БШК президенттик шайлоону өткөрүү планын жарыялады


Кыргызстандагы шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы шайлоолордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоону уюштуруу боюнча календардык планын жарыялады.

БШКнын сайтында жазылгандай, 10-ноябрга чейин www.tizme.gov.kg сайтында шайлоочулардын баштапкы тизмеси жарыяланат. 18-ноябрга чейин тиешелүү добушканаларда тизмелер илинет.

Шайлоочулар сайттан же такталардан өзүнүн маалыматтарын текшерип алса болот. Так эмес же ката кеткен учурда жарандар 29-декабрга чейин өз шайлоо тилкесине кайрылууга укуктуу. Мында ал «№1 форма» үлгүсүндөгү арыз менен идентификациялык картасынын (ID), ал жок учурда жалпы жарандык, кызматтык же дипломаттык паспортунун көчүрмөсүн алып келиши кажет. Шайлоочу сөзсүз түрдө биометрикалык каттоодон өтүшү шарт.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн адамдар 14-ноябрга чейин (ошол күндү кошуп эсептегенде) БШКга арыз бериши керек.

Талапкерди колдогон кол тамгалар 3-декабрь, түнкү саат 24:00гө чейин кабыл алынат. Андан ары жети күн кол тамгалардын тактыгы текшерилет.

Талапкер өзүн-өзү көрсөткүндүгү арыз же партиянын сунуш протоколун, өмүр-баянын, паспортунун көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалымдама, күрөөнү төккөндүгүн ырастаган документ, мамлекеттик тилди билгендиги боюнча сертификатты 6-декабрга чейин алып келиши керек.

БШК жети күндүн мөөнөттө документтерди текшерип арыз берген адамды талапкерликке каттайт же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Документтерде туура эмес жагдайларды талапкерге 24 сааттын ичинде кабарлайт, ал аны 48 сааттын ичинде оңдоого укуктуу.

Президенттикке талапкерлерди каттоо 2020-жылдын 14-декабрында (ошол күндүн кошуп эсептегенде) аяктайт. Андан кийин эки күндүн ичинде талапкерлерге тиешелүү күбөлүк берилет.

Үгүт өнөктүгү талапкерлерди каттоо аяктаган күндөн кийин, башкача айтканда 15-декабрдан башталат жана добуш берүүгө 24 саат калганда, 9-январда бүтөт. Добуш берүү күнү - 10-январь.

Ушул убакка чейин президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген төрт адам БШКга арыз берди. Алар: саясатчы Адахан Мадумаров, коомдук ишмер Назарбек Нышанов, экономикалык эксперт Кубан Чороев жана ишкер Арстанбек Абдылдаев.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, кийин бул окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Сооронбай Жээнбеков 15-октябрдан президенттиктен кетерин жарыялап, 16-октябрда кызматын толук өткөрүп берген. Азыр президенттин милдетин башаламандык убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган премьер-министр Садыр Жапаров аткарып жатат.

Жапаров президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган. Ал азырынча БШКга арыз бере элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG