Канаданын Квебек шаарындагы кол салууга шектелген адам 1-ноябрда таңга жуук кармалды. 31-октябрда бычак менен кол салууда эки адам каза болуп, бешөө жараат алды.
Кылмышка барган кишинин аракетинин себептери азырынча белгисиз. Кармалган адам болжол менен 25 жашта, ал текшерүү үчүн госпиталга жеткирилди.
Шектүүнү кармоо иштери окуянын күбөлөрү полицияга кайрылгандан кийин башталган. Алар кылмышкер «орто кылымдагыдай кийим кийип», колунда канжарга окшогон буюм кармап жүргөнүн айтышкан. Полиция иликтөө иштери уланып жаткандыктан шаардыктарды үйдөн чыкпай турууга чакырган.
Кол салуу Квебектин тарыхый районундагы "Chateau Frontenac" мейманканасынын жанында болгон. Бул жерде Квебек провинциясынын мыйзам чыгаруу кеңешинин имараты жайгашкан. (ErN)