Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:26

Словакияда коронавирусту аныктоо боюнча жалпы улуттук тестирлөө өттү


Словак-чех чек арасындагы текшерүү.

31-октябрда түшкө чейин өлкөнүн бардык аймактарында 830 миңден ашык адам тест тапшырганы кабарланган. Анын ичинен «бир пайызга жакынынан» гана вирус аныкталган.

Ишембиде кечке чейин анализ тапшырчу пункттар иштеп жатты. Өлкө боюнча эки миңге жакын атайын унаа тест алуу үчүн керектүү медициналык жабдыктарды жана адистерди жеткирип турду.

Словакиянын Коргоо министрлиги булам өнөктүктү өткөрүүгө 6 миңдей аскер, 5 миң полиция кызматкери, 15 миң медицина кызматкери, 4 миңден ашык ыктыярчы тартылганын билдирди. Өлкө бийлиги тестирлөөнү ишке ашырууга жардам бергени үчүн австриялык жана венгриялык дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.

Словакиянын премьер-министри Игор Матович бул тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 2-ноябрдан тартып коронавирус аныкталбагандарга карата чектөөлөр алынарын билдирди. Ал эми бүгүн словак өкмөтү жыйынга чогулуп, жалпы тестирлөөнүн алгачкы айлампасынын жыйынтыгына баа берери кабарланган.

Матович бул кампаниянын экинчи айлампасы 7-8-ноябрда өткөрүлөрүн кошумчалады.

Соңку күндөрү Европанын бир катар өлкөлөрүндө коронавирустун жайылып жатканына байланыштуу кошумча чаралар көрүлүп жатат. Буга чейин Францияда, Германияда карантин киргизилген болчу.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсеби боюнча, азыркы учурга карата дүйнөдө коронавирусту жуктургандардын саны 46 миллиондон ашык, анын кесепетинен 1 миллион 196 миңдей киши каза болду.

XS
SM
MD
LG