Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Коронавирустан улам Британия карантинге кайтат


Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавируска каршы жаңы чараларды жарыялоодо.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавируска каршы жаңы чараларды жарыялоодо.

Улуу Британия Европадагы башкы өлкөлөр сыяктуу бир айлык карантин жарыялайт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Борис Жонсон 31-октябрда билдирди. Анын айтымында, карантин 5-ноябрда башталып, бир айга созулат. Бул учурда тургундар “өзгөчө учурда” гана үйүнүн чыгышы керек. Мындай өзгөчө учурга алгачкы зарылдыктагы тамак-аш, буюм-тайым сатып алуу, жумушка, мектепке, ооруканага баруу, көчөдө көнүгүү жасоо кирет. Мектептер, университеттер жана айрым дүкөндөр ачык болот, ал эми ресторандар жабылып, даяр тамакты алып кеткенге гана уруксат берилет.

Британияда коронавирустан 46 миңден ашык адам каза болду. Бул Европа өлкөлөрүнүн ичиндеги эң көп көрсөткүч. Учурда бул өлкөдө күн сайын 20 миңдей адамдан вирус аныкталууда. Британ бийлиги мындай абал улана берсе саламаттык сактоо кызматына күч келиши мүмкүн экенин эскертүүдө.

Учурда Европада күн сайын вирус 240 миңден ашык адамдан аныкталууда.

Коронавирустан улам катаал чектөөлөрдү Франция жана Германия да киргизди. Бул өлкөлөр илдет жайылып жаткандыктан жалпы улуттук карантин жарыялашкан. Ал эми Чехиянын парламенти өлкөдөгү өзгөчө кырдаалды 20-ноябрга чейин узартууну колдоду.

31-октябрда Португалия менен Австриянын бийликтери да кийинки аптадан баштап жарым-жартылай чектөө киргизүү чечимин кабыл алды. Ал эми 2-ноябрдан тартып Греция да кайрадан карантин жарыялоону чечкен.

3-ноябрда президенттик шайлоого даярданып жаткан АКШда болсо эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Бул өлкөдө күн сайын 1000ге чейин адам пандемиядан улам каза болуп, ооруканаларга кайрылгандар кескин көбөйдү. 30-октябрда бир күндө 100 миң кишиден вирус аныкталып, илдет жугузгандардын жалпы саны 9 миллиондон ашты. Бул Кошмо Штаттардын жалпы калкынын 3 пайызын түзөт.

XS
SM
MD
LG