Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Беларуста оппозициянын жүрүшү кармоо менен коштолууда


Беларустагы нааразылык акциясынын катышуучулары
Беларустагы нааразылык акциясынын катышуучулары

Беларустун борбору Минскиде оппозициянын "Террорго каршы жүрүшү" кармоо менен коштолууда. Түмөндөгөн адамдар Минскинин борборунан шаардын жака-белиндеги сталиндик репрессиялардын курмандыктарын эскерүү жайына айланган Куропатыны көздөй багыт алган. Акциянын катышуучулары эки топко бөлүнүп, жүрүшкө чыккан. Беларустун күч кызматкерлери бийликке каршы жүрүштүн катышуучуларынын жолун тороп, кармай баштады. Милиция кулак тундуруучу каражаттарды колдонуп, эскертүү иретинде асманга ок чыгарганы кабарланды.

Минскинин борбордук бөлүгүндө ОМОНдун көптөгөн кызматкерлерин, брондолгон унааларды көрүүгө болот.

Беларуста нааразылык акциялары үч айга жакын убакыттан бери уланууда. 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы Александр Лукашенко алтынчы жолу президенттикке шайланганын жарыялаган соң оппозиция ага макул болбой, нааразылык акцияларын баштаган. Андан бери ар жекшемби күнү 100 миңдеген адамдардын катышуусунда акциялар өтүп келатат. Анын жүрүшүндө жүздөгөн адамдар кармалып, кыйноого кабылганы боюнча эл аралык уюмдар бир нече жолу билдирген.

26-октябрда оппозициянын лидери Светлана Тихановская Александр Лукашенкого каршы жарыялаган элдик ультиматумдун мөөнөтү аяктап, жалпы улуттук иш таштоо башталганы кабарланган. Өлкөнүн ар кыл аймактарындагы мамлекеттик жана жеке ишканалардын жумушчулары, студенттер, пенсионерлер бул акцияга кошулушкан.

30-октябрда Александр Лукашенко оппозициянын акцияларынын катышуучуларына каршы күч колдонушу мүмкүн экенин айткан болчу.

XS
SM
MD
LG