Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Грузия: Оппозиция парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болууда


Тбилиси.
Тбилиси.

Грузияда 31-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо башкаруучу «Грузин кыялы» партиясы жеңишке жетип, анын сегиз жылдык бийлигин токтотууга үмүттөнгөн оппозициянын мурдагыдан да катуу басымына туш болууда.

Эң ири оппозициялык партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип, өлкөнүн баш калаасы Тбилисиде ири нааразылык акцияларын өткөрүүгө үндөгөн.

Миңдеген адам кайра шайлоону талап кылып кечээ, 1-ноябрда көчөгө чыкты.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) байкоочулары калкы 3,7 миллион адамды түзгөн бул өлкөдө шайлоо атаандаштык шартында жана эркин добуш берүү эрежелерин сактоо менен өткөнүн билдиришти. Соңку эсеп боюнча, «Грузин кыялы» добуштардын 48,15%, ал эми «Бирдиктүү улуттук кыймыл» оппозициялык блогу 27,14% алды.

Шайлоонун экинчи туру 15 округда өтөт, анда да башкаруучу партия жеңишке жетет деген божомол бар. (RK)

XS
SM
MD
LG