Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:59

Түркияда менен Грекияда зилзала курмандыктары 50дөн ашты


Зилзаладан кийинки куткаруу иштери. Түркия.

1-ноябрда Түркияда 70 жаштагы адам урандылардын астынан аман-эсен куткарылды.

Куткаруучулар аман калгандарга жардам берүүнү улантууда. 1-ноябрда зилзаланын курмандыктары 51ге, жарадарлар 900 кишиге жеткени кабарланды.

30-октябрда Эгей деңизинде күчү дээрлик жети баллга жеткен силкинүүдө Түркия менен Грекия зыян тартты.

Эки мамлекеттин өкмөттөрү түрдүү маселелерде көп жылдардан бери уланып келаткан дипломатиялык пикир келишпестиктерге карабай, бири-бирине көңүл айтышты.

Табият кырсыгында курман болгондордун 49у Түркиянын Измир шаарында, экөө Грекиянын Самос аралында.

XS
SM
MD
LG