Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Ат-Башыда эпидемиологиялык абал туруктуу


Кыргызстандагы лаборатория.
Кыргызстандагы лаборатория.

Ат-Башы райондук ооруканасынын дарыгерлери аптасына эки жолу коронавирусту аныктоо, дарылоо боюнча онлайн окууларга катышууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» оорукананын башкы дарыгери Илим Айыпов маалымдады.

Анын айтымында, азыркы тапта алты киши коронавирус оорусу менен ооруканада жатат. Бирөөнүн абалы оор, ал реанимацияда.

«Мал базар күнү башка аймактардан келген соодагерлер көп болууда. Ушундан улам оору бизде да түштүк аймактагы райондордой көбөйүп кетеби деген коркунуч бар. Көп сандагы оорулардын алдын алыш үчүн суюлтулган кычкылтек станциясын киргизип, дарыгерлерге жеке коргоочу каражаттарды алып жатабыз», - деди Илим Айыпов.

Кыргызстанда коронавирус март айында башталып, апрель, май айларында Ат-Башы районунда оору көп катталган. Азыркы тапта бейтапкананын медициналык кызматкерлери да вирусту аныктоо боюнча онлайн окууларга катышууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG