Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Элчибек Жантаев өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болду

Элчибек Жантаев.
Элчибек Жантаев.

2-ноябрда вице-премьер-министр Максат Мамытканов Ысык-Көл облусунун активине өкмөттүн аймактагы жаңы дайындалган өкүлү Элчибек Жантаевди тааныштырды.

47 жаштагы Элчибек Жантаев ушул жылдын июль айынан тартып өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ага чейин төрт жыл Ак-Суу районунун акиминин биринчи орун басары болгон.

Ал өз эмгек жолун Ак-Суу районунун Дзержинск совхозунда эсепчи болуп баштаган болчу. Буга чейин Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Балбак Түлөбаев иштеп турган.

Ал өткөн жумада Бишкек шаарынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды. (KS) 

XS
SM
MD
LG