Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:04

Садыр Жапаров Баткенде Раззаков, чек ара жана коронавирус темасын көтөрдү


Садыр Жапаров Баткенде эл менен жолугууда.
Садыр Жапаров Баткенде эл менен жолугууда.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков тууралуу кеп козгоду:

«Раззаковду менен мени байланыштырган себеп бар. Анын принциби мага туура келет. «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот». Бул сөздү 70 жыл каалагандай колдондук. Эл баарынан улук. Элибиз, мамлекетибиздин өнүгүшүндө коррупция менен күрөшкө суусап турат. Максатым - элди коррупциядан арылтуу. Баткен элинин абалы, чек арадагы кырдаал менин көңүл чордонумда дайым болот».

Садыр Жапаров өз сөзүндө Өзбекстан, Тажикстан менен чек арага байланышкан маселелер боюнча сүйлөшүү жүрөрүн белгилеп, сүйлөшүүлөрдү Кыргызстан тараптан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген комиссия жүргүзөрүн билдирди.

Ал Баткен облусунда эпидемиологиялык абал курч экенине токтолуп, жергиликтүү жетекчиликке бардык дары-дармектер жана медициналык кызматкерлерди коргонуучу каражаттар менен камсыздоону тапшырды.

Буга чейин Садыр Жапаров Бакай айылына жакын Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык каттамындагы жол курулуш иштери менен таанышкан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырымдык чек арасынын 1170 чакырымы же 85% такталган. Дагы 10% боюнча да макулдашуу болгону кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун ичинен 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Талаштуу тилкелер Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында. Бул жерлерде жайыт, жер, сугат суу талашынан уламэки элдин ортосунда чыр-чатак көп болот. Буга чейин эки өлкөнүн президенттери да чыр-чатакка байланыштуу маал-маалы менен диалог жүргүзүп келген. (AiA)

XS
SM
MD
LG