Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Доллардын курсу 83 сомго чукулдады


2-ноябрда түштөн кийин АКШ долларынын кыргыз сомуна карата курсу көтөрүлдү. Азыркы тапта менчик акча алмаштыруучу жайларда бир АКШ доллары 82 сом 95 тыйынга сатылууда. Улуттук банктын сайтында доллардын наркы 81 сом 80 тыйын бойдон өзгөрбөй турат.

Октябрдын ортосуна чейин 79 сомдун тегерегинде болуп турган доллар 16-октябрда дээрлик 82 сомго жеткен.

Улуттук банк 15-октябрда 17,1 миллион доллар өлчөмүндө интервенция жүргүзүп, бул кадамга акыркы күндөрү доллардын курсу кескин көтөрүлүп кеткени себеп болгонун билдирди.

Жыл башынан бери эсептегенде Улуттук банк 14 жолу интервенция жүргүзүп, жалпысынан 303 миллиондон ашуун доллар сатты.
2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кайра арзандай баштаган. (BCh)

XS
SM
MD
LG