Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

АКШнын коронавирус боюнча кеңешчиси RTдагы маеги үчүн кечирим сурады


Скотт Атлас.
Скотт Атлас.

АКШ президенти Дональд Трамптын коронавирус менен күрөш боюнча кеңешчиси Скотт Атлас Орусиянын мамлекеттик «Russia Today» каналына чыккан маеги үчүн кечирим сурады.

Скотт Атлас каналдын журналисттери менен баарлашкан учурунда «Russia Today» Кошмо Штаттарда чет элдик агент катары таанылганы боюнча маалыматы жок болгонун билдирди. Ал «Твиттердеги» баракчасына «өзүн колдонууга уруксат бергенин» моюнга алып, ириде улуттук коопсуздукту коргоо жаатында иштегендерден кечирим сурады.

«Russia Today» каналы 2017-жылы ноябрда АКШнын атайын кызматы «мамлекет башкарган үгүт машинеси» деп мүнөздөгөн баяндама жарыялаган соң чет элдик агент катары катталган.

Ал баяндамада аталган канал Кремлдин Америкадагы президенттик шайлоого кийлигишүүсүнө салым кошкону айтылган.

Кесиби боюнча радиолог Скотт Атлас коронавирус менен күрөш боюнча Ак үйдүн кеңешчилигине быйыл дайындалган. Анын бул боюнча кеңештери АКШдагы бул багытта түзүлгөн жумушчу топтун сунуштарына карама-каршы келгени үчүн сынга кабылган.

31-октябрда орусиялык каналдагы маегинде Скотт Атлас президент Дональд Трамптын администрациясынын коронавирусту жайылтпоо боюнча чараларын жактаган.

Трамптын пандемияга карата чечимдери АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндөгү көп талкууланган маселелердин бири болууда.

XS
SM
MD
LG