Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:17

Бабанов: Мага өкмөт башчы болууну Сулайманов баштаган топ сунуш кылган (видео)


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Саясатчы Өмүрбек Бабанов «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында 6-октябрдагы окуялардан кийин «Ата Мекен», «Республика», «Бир Бол», «Реформа» партиялары коалиция түзүп, эмнеге анын талапкерлигин өкмөт башчылыкка көрсөткөнүн айтып берди.

«7-октябрда Алтынбек Сулайманов өзүнүн жардамчысын жөнөтүп «чогулуп, сүйлөшөлү» деген. Ошол жерде Алтынбек Сулайманов, Тилек Токтогазиев, Клара Сооронкулова, Жоодар Шадыканов жана алардын тилектештери болгон. Анан ошол жактан сунуш кылышты. «Сулаймановду спикер кылабыз» дешти. Анан «парламенттик, президенттик шайлоого барбаңыз» дешти», - деди Бабанов.

9-октябрда уюштурулган маалымат жыйынында «Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа» жана «Республика» партиялары "Акыркы үмүт" аттуу саясий бирикме түзүү тууралуу меморандум кабыл алынганы, өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду, биринчи вице-премьер министрликке Тилек Токтогазиевди сунуштап жатканы кабарланган.

Басма сөз жыйынында Өмүрбек Бабанов "35-40 депутатты камап туруп, коркутуп өкмөт башчы дайындап алган туура эмес. Садыр Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге да кайрылам, бүгүнкү абалды курчутпай, парламентти топтойлу, дайындоону ишке ашыралы" деп билдирген.

Садыр Жапаров 6-октябрдагы өлкөдөгү окуялар учурунда түрмөдөн чыккан. Соңунан аны Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү премьер-министрликке көрсөткөнүн кабарланып, анын чечимдери боюнча саясий күчтөр ортосунда талаш жаралып, саясий кризис орун алып турган.(TSh)

Ошол учурда «Ата Мекен», «Республика», «Бир Бол», «Реформа» партиялары коалиция түзүп, Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин көрсөтө турганын жарыялаган. Бирок бул сунуш парламентке жеткен эмес. (TSh)

XS
SM
MD
LG