Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 15:14

Тоолуу Карабактын аскер жетекчилеринин бири мерт болгону кабарланды


Артур Саркисян.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги азери аскерлеринин соккусунан 11 аскери мерт болгонун кабарлады. 2-ноябрда жарыяланган каза болгондор тууралуу тизмеде Тоолуу Карабактын армиясынын командачысынын орун басары Артур Саркисян да бар. Муну менен аймакта куралдуу кагылышуу баштаган 27-сентябрда бери армян тараптан каза болгон аскерлердин саны 1177ге жетти.

Ал ортодо Азербайжандын президенти Илхам Алиев «Твиттердеги» баракчасына өз өлкөсүнүн аскерлери Тоолуу Карабактагы дагы сегиз айылды бошотконун жазды. Алиев Армениянын аскерлерин Тоолуу Карабактан чыгарып кетсе, аскердик аракеттерди токтоторун жарыялады. Буга чейин келишимге жетишпесе, Азербайжан аягына чейин барарын билдирген.

Ошол эле кезде Азербайжандын Коргоо министрлиги 2-ноябрда билдирүү таратып, армян аскерлери Тертер районун артиллериядан аткылаганын жарыялады.

Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусияны Армения да мүчө болгон Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) алкагында көмөк көрсөтүүгө чакырган.

31-октябрда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги куралдуу чатак Армениянын аймагына өтүп кетсе гана Москва жардам көрсөтөрүн билдирген болчу.

1980-жылдардын аягынан бери Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшкөн Тоолуу Карабактагы абал быйыл 27-сентябрда курчуп кеткен, куралдуу кагылышуу уланууда.

XS
SM
MD
LG