Бишкекте адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын «Бир дүйнө Кыргызстан – 2020» фестивалы өтүүдө. 14-жолу уюштурулуп жаткан фестивалдын бул жолку темасы «Адамдар жана каргаша-кырсыктар: тобокелдиктер каргашага айланбашы үчүн эмне кылыш керек?» деп аталат.
2-ноябрда башталган фестиваль 9-декабрга чейин онлайн форматта уланат. Тасмалар 6-ноябрга чейин көрсөтүлөт. Фестивалдын программасына кирген 15 кинотасма дүйнөнүн он чакты өлкөсүндөгү экология жана таза суу көйгөйлөрүнө, аялдардын, балдардын жана майыптардын укуктарына арналган.
Тасма көрсөтүүдөн тышкары иш-чаранын алкагында эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин катышуусу менен вебинарлар уюштурулат, бийликке сунуштар иштелип чыгат.
Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы Кыргызстанда 2007-жылдан бери өткөрүлүп келет. 13 жыл аралыгында адам укуктары жана эркиндиги боюнча өзөктүү темаларды көтөргөн 500гө жакын даректүү тасма көрсөтүлдү. (RK)