Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Шаардык сотто Камчы Көлбаевдин бөгөт чарасы каралат


Камчы Көлбаев.
Камчы Көлбаев.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) бөгөт чарасы каралат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аны уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында кармаганын 22-октябрда кабарлаган.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Көлбаев атайын кызматтын тергөө абагына камалган, бирок бөгөт чарасынын мөөнөтү аныкталган эмес. Көлбаевдин адвокаттары райондук соттун бул чечимине каршы арызданып, шаардык сотко кайрылышкан.

46 жаштагы Көлбаевди АКШ 2012-жылы дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. Ошол жылы ал «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон жана адам уурдаган» деген айып менен үч жылга соттолуп, 2014-жылы бошонуп чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG