Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Улуттук банк: Доллардын кымбатташына суроо-талап күчөгөнү себеп болууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Доллардын кыргыз сомуна карата курсу өйдөлөп кетишине ага суроо-талап күчөгөнү себеп болууда. Бул тууралуу Улуттук банк 2-ноябрда маалымдады. Мекеме «Tazabek» басылмасына билдиргендей, 1993-жылдан бери чет өлкөлүк валюталардын курсу суроо-талапка жана сунушка жараша калыптанып келет, башкы банк аны аныктабайт, болгону орчундуу өзгөрүүлөрдү жумшартууга аракет кылат.

Бул жолу доллардын кымбаттап кетишине негизинен суроо-талап күчөгөнү, чийкизаттын кымбатташы, коронавируска байланыштуу айрым өлкөлөр чектөө киргизгени себеп болгону айтылды.

2-ноябрга карата Улуттук банк доллардын курсун 81,80 сом деп аныктаган, бирок акча алмаштыруучу жайларда сатуу курсу дээрлик эки сомго жогорулап, 83 сомго жетти. Бүгүн, 3-ноябрга карата да доллардын расмий курсу 81,80 болуп турат.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда доллар 12-13 сомго көтөрүлүп, ошого жараша азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттап кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG