Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Пандемияда курулуш тармагы артка кетти


Бишкектеги курулуш.
Бишкектеги курулуш.

Бишкекте бүгүн, 3-ноябрда «Курулуш тармагынын 2020-жылдагы абалы» аттуу жыйын өтүп жатат. Анда бул тармак быйыл экономикалык кризиске учурап, оор абалда турганы айтылды.

Курулушчулардын бирикмелеринин, ассоциациялардын, тармактагы компаниялардын өкүлдөрү жыйында курулушка уруксат кагаздарын алуу жеңилдебей, быйыл пандемияда да андан бетер оорлошконун айтышты.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын ички дүң өнүмүндөгү курулуш тармагынын көлөмү 2020-жылы 3,3% төмөндөгөн. Тармактын өзү тогуз айда 7,7% артка кеткен.

2019-2020-жылдарда, «Doing Business» рейтинги боюнча курулушка уруксат алуу индексинде Кыргызстан 29-орундан 90-орунга жылган.

Өлкөдө курулуш тармагындагы негизги маселе - курулуш тармагына мамлекеттик колдоонун начардыгы.

Талкууну JIA бизнес-ассоциациясы өткөрүп жатат. Ага курулушчулардан сырткары мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG