Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

ИИМ элдик кошуундун үч миңдей мүчөсүнө сыйлык берди


Сыйлоо аземи учурунда. 3-ноябрь, 2020-жыл.
Сыйлоо аземи учурунда. 3-ноябрь, 2020-жыл.

3-ноябрда Ички иштер министрлиги 5-октябрдагы окуялардан кийин Бишкек шаарындагы коопсуздукту сактоого катышкан ыктырдуу элдик кошуундун үч миңге жакын мүчөсүнө сыйлык тапшырды. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, алар «Шериктеш», «Кыргыз милициясына 95 жыл» медалдары менен жана Ички иштер министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы башталган нааразылык акциялары башаламандыкка айланып, бийлик алмашуу менен аяктаган. Күч түзүмдөрү абалды көзөмөлдөн чыгарып, Бишкекте айрым талап-тоноо менен коштолгон кырдаалды жөнгө салууга элдик кошуундар салым кошкон.

30-октябрда Александр Лукашенко Беларуста элдик кошуундарга муктаждык бар экенин айтып, Кыргызстанда октябрдын башында бийлик алмашууга алып келген толкундоодо элдик кошуундар күч түзүмдөрү менен бир муштум болуп иштегенин мисал келтирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG