Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:31

COVID-19: Европа АКШдагы шайлоого байланыштуу эпидемиологиялык коопсуздук чараларын күчөттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШдагы шайлоо бул өлкөдө коронавирус көбөйүп турган чакта өтүп жаткандыктан Европанын бир катар өлкөлөрү кошумча чектөөлөрдү киргизишти.

Германия бир айлык изоляция жарыялады. Португалия, Польша, Улуу Британия жана Грекия коменданттык саат режимин киргизип, башка чектөө эрежелерин бекемдешти. Италияда өкмөт коронавирус көбүрөөк жайылган аймактарга көңүл бурмай болду.

Дүйнөлүк саламаттык уюмунун соңку маалыматына караганда, өткөн аптада вируска чалдыккандар 3,3 миллион адамга, каза болгондор 45 миң кишиге көбөйдү. Жалпысынан дүйнөдө COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 46 миллион адамдан ашты. (RK)

XS
SM
MD
LG