Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Текебаев: Президенттик система менен 30 жыл артка кетебиз (видео)


Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» партиясынын лидери.
Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» партиясынын лидери.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Өмүрбек Текебаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, азыркы тапта Садыр Жапаров сунуш кылып жаткан бир мандаттык шайлоо системасы өлкөнү 30 жыл артка тартарын билдирди.

«Бизде саясатчылар элге жөнөкөй проблемаларды эле алып чыгып, «депутаттардын саны көп, 120 депутат ашыкча» деп жатышат. Депутаттардын санын өзгөртүүдөн эч нерсе болбойт. 90 депутат болсо деле азыркыдай абалда калабыз. Бизде маселенин маңызы - мамлекеттик түзүмдө, министрликте иштегендерди азайтууда эмес. Маселе - максатты туура коё билүүдө. «Эми президенттик система орнойт» деп жатышат. Анда биз 30 жыл артка кетебиз. Түркмөнстандын, Өзбекстандын катарына барып кошулабыз», - деди.

Депутат Текебаев президенттик шайлоо системасы тууралуу пикирин 21-октябрда да билдирип: «Эгер ошол система кирсе, бизде Өзбекстан же Казакстан эмес, Түркмөнстан болот. Түркмөнстандын парламентиндей болуп жүгүнүп, кол чаап турасыңар! Бар, арабызда жүгүнүп кол чаба тургандар. Ийилип кол чабасыңар. Келет, ал. Келип жатат. Каалоочулар айтып жатат. Эл-журт, парламент, тандагыла!» деген эле.

Премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 3-ноябрда Ош жана Жалал-Абад облусундагы жолугушууларда 3-ноябрда суроолорго жооп берип жатып: «Кыргызстан эч качан Түркмөнстандагыдай болбойт. Айрым саясий күчтөр оозуна алы жетпей ушинтип айтып жатат. Оппозициялык күчтөрдү бийликке тартып жатам», - деген.

Садыр Жапаровдун билдиргенине караганда Баш мыйзамдын долбоорунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымы бир мандатуу, жарымы партиялык система менен шайланып келери жазылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG