Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Сулайманов: Бабановду «Форумга» барууга эч ким бар мажбурлаган эмес


Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаты, «Бир Бол» партиясынын лидери.
Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаты, «Бир Бол» партиясынын лидери.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Өмүрбек Бабановдун «мен «Форумдун» имаратына мени премьерликке көрсөткөн партиялардын макулдашуусу менен бардым» деген билдирүүсүн төгүндөдү.

Депутаттын айтымында, Бабановду өкмөт башчылыкка сунуш кылган партиялар анын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, «Форумдун» имаратына барары тууралуу кабары болгон эмес.

«Өмүрбек Бабанов аман эле болсун, ар дайым кайсы бир топтун ийгилиги болсо өзүнө ыйгарат, - деди ал. - Ийгилик болбой калса, чекеге өзүн алып качат. Ал өзү ушундай экенин Кыргызстан билип калбадыбы. «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» баштаган бир топ партиялардын жаштары Бабановдун талапкерлигин өкмөт башчылыкка көрсөтүшкөн. Премьерликке менин жеке көз карашым боюнча альтернативалуу сунуштар болсо деген элем. Бабанов «мени өздөрү сунуш кылышты» деп кийин айтып жатат. «Мен премьер-министр болуп, абалдан чыгарып кетет элем» деп өзү эле чуркаган. Ошол эле убакта белгилеп кетчү нерсе - аны эч ким «Форумдун» имаратына жиберген эмес. Ал «партиялар менден суранды» деп өз күнөөсүн башкаларга арта салып, суудан кургак чыгууга аракет кылууда».

Саясатчы Өмүрбек Бабанов «Азаттыктын» 2-ноябрдагы «Ыңгайсыз суроолор» программасындагы маегинде 5-октябрдан кийинки өлкөдөгү кырдаалда өкмөт башчылыкка талапкер болгону, мурдагы президент Атамбаев менен «Форум» имаратына, борбордук аянттагы митингге барышы тууралуу суроолорго жооп берген. Журналисттин аянтка жаштарды баштап келбей, Атамбаев менен келгени тууралуу суроого жооп берип жатып Бабанов: «Бул сүйлөшүүлөрдүн негизинде болгон. Мындайча айтканда Тилек Токтогазиев, Алтынбек Сулайманов - бардыгынын маалыматы бар болчу», - деп айткан.

Ал эми өкмөт башчылыкка талапкерлиги кандайча аныкталганы тууралуу мындай деген:

«7-октябрда Алтынбек Сулайманов өзүнүн жардамчысын жөнөтүп «чогулуп, сүйлөшөлү» деген. Ошол жерде Алтынбек Сулайманов, Тилек Токтогазиев, Клара Сооронкулова, Жоодар Шадыканов жана алардын тилектештери болгон. Анан ошол жактан сунуш кылышты. «Сулаймановду спикер кылабыз» дешти. Анан «парламенттик, президенттик шайлоого барбаңыз» дешти».

9-октябрда «Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа» жана «Республика» партияларынын өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, анда «Акыркы үмүт» аттуу саясий бирикме түзүү тууралуу меморандум кабыл алынганын, өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду, биринчи вице-премьер министрликке Тилек Токтогазиевди сунуш кылып жатканын жарыялашкан.

Бул жыйындан көп өтпөй эле Өмүрбек Бабанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары уюштурган Бишкектеги «Форум» имаратынын алдында Атамбаев менен чогуу олтуруп, Ала-Тоо аянтындагы митингге бирге барган. (BCh)

XS
SM
MD
LG