Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

Зулушев: Асылбек Жээнбековго кылмыш иши козголгон жок


Асылбек Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты.
Асылбек Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбековго кылмыш иши козголгон эмес. Ал эми мурдагы өкмөт башчы Мукаммедкалый Абылгазиевге айыбы угузула элек. Бул тууралуу 4-ноябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттерге басма сөз жыйынында билдирди.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси, 5-6-октябрдагы массалык акциялардан кийин өзүн элдик башкы прокурор кылып дайындаганын билдирген Сыймык Жапыкеев ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен Матраимовдорго, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жана Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго карата коррупция боюнча кылмыш иши козголгону, ал иштерди иликтөө Аскер прокуратурасына берилгени тууралуу билдирүү тараткан.

Аты аталгандардын ичинен мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге Кыргызстандын аймагынан чыгууга Финансы полициясы 20-октябрда тыюу салган.

Абылгазиевди коронавирус пандемиясына байланыштуу шалаакылык үчүн жоопко тартууну сунуш кылган арыз Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медицина каражаттарын сатып алуу боюнча тендердеги алешемдиктер тууралуу Финпол тергеп жаткан ишке кошулганы кабарланган. Абылгазиев жыштык чырына байланыштуу июнда кызматтан кеткен. (MiK)

XS
SM
MD
LG