Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:03

Зулушев: Райкүл Жапарованы Польшадан экстрадициялоо боюнча өтүнүч кайра жиберилген жок


Райкүл Жапарова. Сүрөт «Фейсбуктан» алынды.
Райкүл Жапарова. Сүрөт «Фейсбуктан» алынды.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованы Кыргызстанга экстрадиция кылуу боюнча өтүнүч Польшага кайра жиберилген жок. Бул тууралуу 4-ноябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев басма сөз жыйынында билдирди.

«Интерпол Польшада кармалган Райкүл Жапарованы Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин 2020-жылдын июнь айында карап жатканын билдирген. Бирок андан бери жооп келе элек. Кыргызстан тарап кайра кайталап өтүнүч жөнөткөн эмес», - деди Зулушев.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Райкүл Жапаровага эл аралык издөө жарыяланганын ушул жылдын 11-февралында маалымдаган.

Райкүл Жапарова 2007-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкты» тартып алган деп айыпталып, сыртынан 10 жылга соттолгон.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Интерпол Польшадан кармалган Райкүл Жапарованы Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин карап жатканын билдирген. Кийинчерээк Польшада кармалган Жапарова кайра бошотулганы кабарланган.

Кубатбек Бороновдун өкмөтүндө иштеген вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Райкүл Жапаровага байланыштуу иш боюнча шек саноосу бар экенинен улам жаңы бийлик менен иштешүүдөн баш тартканын билдирген. (MiK)

XS
SM
MD
LG