Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 00:03

Бозумчак алтын кен ишканасынын жанына чогулгандардын бир бөлүгү тарабай турат


Бозумчак кен ишканасынын алды. 4-ноябрь, 2020-жыл.

Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ minerals Bozymchak» алтын комбинатынын алдына чогулган 100дөй киши ишкананын жетекчиси Жайылбек Дайдиевдин кызматтан кетишин талап кылып жатат. «Азаттык» радиосунун кабарчысы чогулгандарды милиция көзөмөлгө алып жатканын билдирди.

Нааразылык билдирип тургандар буга чейин өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун жергиликтүү эл менен ушул жердеги жолугушуусуна катышкан. Анда да дал ушул талапты коюп, муну «комбинаттын жетекчилиги жергиликтүүлөрдү ишке алууда тоскоолдуктарды кылып жатат» деп негиздешкен.

Садыр Жапаров компанияга байланышкан ушул жана башка көйгөйлөрдү мыйзам чегинде чечип берүүгө убада берген. Ошондой эле токтоп турган алтын кен компанияларынын жумушун жандантуу керек экенин белгилеп, инвесторлордун ишине 4-5 ай тоскоол болбой турууну жергиликтүү элден өтүнгөн. Жолугушууга Ала-Бука районундагы кенге жакын Терек-Сай шаарчасынын, Көк-Таш, Көк-Серек айылдарынын тургундары катышкан.

6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга чабуул коюлуп, өрттөлгөнү кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй алтын кени да бар. Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан. Буга тушташ Чаткалдагы Терек-Сай алтын кенин иштеткен «Eti bakir» компаниясы, Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенин иштеткен «Full Gold Mining» алтын компаниясы жана Ала-Букадагы Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ mineralz Bozymchak» компаниясы жумушун убактылуу токтотконун кабарлаган.

Алардын өкүлдөрү Өнөр жайы, энергетика жана кен байлыктар боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев менен жолугушкан. Бирок алар ишин кайра качан жандантары айтылган эмес. (TB)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG