«Адилет» укуктук клиникасы президенттикке талапкерлигин коюп жаткан саясатчыларга кайрылып, шайлоо алдындагы программасында бир нече орчундуу суроого жоопторду камтууга чакырды.
Алардын биринчиси «Саясий кризистен чыгуунун жолу кайсылар?» деген суроо болушу керек экенин белгилеген уюм парламенттин легитимдүүлүгүн камсыз кылуу олуттуу маселе экенин, себеби азыркы чакырылыштын мыйзамдуу мөөнөтү 28-октябрда аяктаганын билдирди.
Мындан тышкары, президенттикке талапкерлер экономикалык кризистен чыгуунун жолдорун сунуш кылып, программасын ишке ашыра турган күчтүү команда топтошу керек экендиги, ар бири конституциялык реформага мамилеси кандай экенин ачык билдириши зарыл болору айтылды.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга пландалууда. Бүгүнкү күнгө карата талапкерлигин коюп жаткан саясатчылар жетөө. Алар - Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев жана Канатбек Исаев. (RK)