Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Ташкентте кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү өтөт


Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев баштаган делегация иш сапары менен 5-6-ноябрь күндөрү Ташкентте болот. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги расмий кабарлады.

Кыргыз делегациясы өзбек өкмөтүндө болот, Тышкы иштер министрлигинде, Инвестиция жана тышкы соода министрлигинде да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Кыргызстанда октябрда саясий абал курчуп, Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка келгенде аны алгач Өзбекстандын премьер-министри куттуктаган. Азырынча Өзбекстан Жапаровго куттуктоо жиберген жалгыз мамлекет болуп турат.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өлкөдөгү бийлик алмашуудан кийин Орусияга жана Казакстанга иш сапары менен барып келген. Анын Ташкентке барышы тууралуу азырынча Бишкек расмий кабар тарата элек. (SE)

XS
SM
MD
LG