Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Кыргыз-өзбек жумушчу топтору чек ара маселелерин талкуулашты


Кыргыз-өзбек чек арасындагы жол.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы жол.

Кыргызстан менен Өзбекстандын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорундагы чечиле элек бир нече тилкени, ошондой 2017-жылы 5-сентябрда кол коюлган кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашууга кирген аймактарды карап чыгышты. Жолугушуунун соңунда тараптар айрым маселелер боюнча бир пикирге келишти. Маалыматта кайсы маселелер экени так айтылган эмес.

24-27-августта Ташкентте Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров жана Өзбекстандын премьер-министринин орун басары деңгээлиндеги кеңешчи Мехриддин Хайриддинов кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулашкан. Анда Мадумаров коронавирус илдетинен жана башка себептерден улам кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын иши солгундап калганын айткан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 1170 чакырымы же 85% такталган. Дагы 10% боюнча макулдашуу жетишилгени кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG