Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Түркияда айрым соцтармактар ири айыпка жыгылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Расмий Анкара «Facebook», «Instagram», «Twitter», «Periscope», «YouTube» жана «TikTok» сыяктуу социалдык тармактарга белгиленген мөөнөттө Түркиядагы жергиликтүү өкүлүнүн атын атабаганы үчүн бул платформаларга 10 миллион лирадан (бир миллион 200 миң доллардын тегерегинде) айып пул салды. Бул тууралуу өлкөнүн транспорт жана инфратүзүм министринин орун басары Өмер Фатих Саян кабарлады.

Саян бул чечим түрк бийлиги кабыл алган мыйзамга баш ийбегендиктен кабыл алынганын билдирген.

Түркия парламенти ушул жылдын 29-июлда «Твиттер» жана «Фейсбук» сыяктуу социалдык тармактарды тескеген мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, аталган компаниялар өз платформалары боюнча түшкөн арыздарды караш үчүн Түркияда өкүлчүлүктөрдү ачышы зарыл. Ошондой эле атайын өкүл дайындалышы керек болчу. Ал Түркиянын жараны болушу абзел.

Эгер бул шарттар аткарылбаса, компанияга айып пул чегерилип, жарнамаларга тыюу салынат жана соцтармактын маалыматты таратуу мүмкүнчүлүгүн 90% чейин чектөө каралган.

Ошондой эле жаңы мыйзамга ылайык, аталган социалдык тармактын колдонуучуларынын жеке маалыматтары Түркиянын аймагында сакталууга тийиш.

Буга чейин Түркияда 2007-жылдан 2015-жылга чейин «YouTube», «Твиттер» жана «Фейсбук» сыяктуу социалдык тармактар бир канча жолу соттун чечими менен жабылган. Буга кишилердин намысына шек келтирген посттор, сүрөттөр жана билдирүүлөр себеп болгону кабарланган.

Түркиянын 83 миллиондон ашык калкы бар. Алардын 62 миллиону Интернет колдонот. Колдонуучулардын 54 миллиону социалдык тармакты күн сайын активдүү пайдаланат. Түркияда эң популярдуу социалдык тармактар - «Инстаграм», «Твиттер» жана «Фейсбук». (ElB)

XS
SM
MD
LG