Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:24

Ош шаарындагы үйлөрдүн биринен ымыркайдын сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарынын тургуну шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен желим баштыкка салынган ымыркайдын сөөгүн таап алганын билдирип, 2-ноябрда милицияга кайрылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов билдирди. Анын айтымында бул маалыматтын негизинде ыкчам тергөө тобу соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери менен бирге текшерүү жүргүзүп, ымыркай 15 күн мурун төрөлгөнүн аныктаган.

«Окуяга тиешеси бар киши катары Кара-Кулжа районунун 2000-жылы туулган тургуну шек саналууда. Ал 16-октябрда өлүү төрөгөнүн, андан коркуп, баштыкка салып катып койгонун айткан», - деди Тавакалов.

Бул боюнча ымыркайга жана аны төрөгөн апасына соттук-медициналык, психикалык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Маалыматка караганда, үйүнөн ымыркайдын сөөгүн таап, милицияга кайрылган аялга баланы калтырып кеткен келин тууган болот. (DU)

XS
SM
MD
LG