Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

АКШда президенттик шайлоодогу добуштарды саноо уланууда


АКШ. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын бир нече штатында 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын эсептөө уланууда.

Республикачылардын талапкери, азыркы президент Дональд Трамп добуштарды кайра санатарын айтып жатат.

Демократтар партиясынын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден маанилүү деп эсептелген Мичиган жана Висконсин штаттарында көп добуш алганы айтылды.

АКШда шайлоонун жыйынтыгы штаттардын деңгээлинде чечилет. Штатта шайлоодо алдыга чыккан талапкер ошол жердеги белгилүү сандагы шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнүн добушуна ээ болот. Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болот. (RK)

XS
SM
MD
LG