Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

АКШ: Байден алдыда, Трамптын штабы добуштарды кайра саноону талап кылды


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШда 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун натыйжасында жеңишке мурдагы вице-президент, Демократтар партиясынын талапкери Жо Байден жакындап келе жатат. Делавер штатында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Байден жеңиш тууралуу азырынча так айта албаса да көпчүлүк штаттар аны колдогону анык болуп турганын билдирди.

«Өнөктүк гана узак жана оор болбостон, жалпы өлкө үчүн оор убакыт болду. Мындай кыйынчылыктар мурда да болуп келген. Баары аяктагандан кийин биз, америкалыктар, шайлоо алдындагы айтылган катуу сөздөрүбүздү артта калтырып, демибизди басып, бири-бирибизди кайра уга баштап, бири-бирибизди урматтап, улут катары биригишибиз керек», - деди ал.

Трамптын шайлоо штабы айрым штаттарда добуштардын кайра саналышын талап кыларын билдирди. Байден Висконсинде добуштардын 49,6% алса, Трамптыкы 48,9% болгон.

АКШнын мыйзамы боюнча талапкер эгер атаандашы экөөнүн ортосундагы айырма бир пайыздан төмөн болсо добуштардын кайра саналышын талап кыла алат. (RK)

XS
SM
MD
LG