Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:03

АКШ: Невада штатында добуштарды саноо 5-ноябрга чейин токтотулду


АКШдагы Невада штатынын бийлиги президенттик шайлоодо бюллетендерди саноону 5-ноябрга чейин токтотконун жарыялады. Мындай чечим жөнүндө түшүндүрмө берилген жок.

Дональд Трамп менен Жо Байдендин ортосундагы атаандаштык курч өткөн бул штаттын шайлоо комиссиясы 3-ноябрда почта аркылуу берилген добуштарды жана протоколдорду саноо, айрым жарандардын добуш берүүсүнө байланыштуу талаштуу маселелерди чечүү зарыл экенин билдирди.

Невада - добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыялана элек алты штаттын бири. Андан сырткары Жоржия, Мичиган, Түндүк Каролина, Пенсилвания жана Висконсин штаттарында да добуштар саналып бүтө элек.

Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден шайлоодон утушу үчүн ушул штаттардын жок дегенде үчөөнөн жеңишке жетиши керек. Акыркы маалыматтар боюнча, президент Трамп шайлоочулар коллегиясынын 213, анын атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден 224 добушуна ээ болууда. Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ин алган талапкер жеңүүчү болуп табылат.

XS
SM
MD
LG