Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

ЕККУ Беларус өкмөтүн эл аралык стандартка ылайык президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды


Беларуста нааразылык акцияларынын алкагында иш таштоого бир катар окуу жайларынын мугалимдери жана студенттери да кошулган. 26-октябрь, 2020-жыл.
Беларуста нааразылык акцияларынын алкагында иш таштоого бир катар окуу жайларынын мугалимдери жана студенттери да кошулган. 26-октябрь, 2020-жыл.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) Беларус өкмөтүн эл аралык стандартка ылайык президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды. Уюм 9-августта Александр Лукашенко жеңип чыкканы айтылган шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуш кылды.

Уюмдун баяндамачылары шайлоо жараянынын дээрлик бардык баскычында мыйзам бузуу болгонун жана адам укуктары тебеленгенин белгилешти.

ЕККУнун баяндамасы АКШга, Францияга жана Улуу Британияга таандык 17 талап менен даярдалып, 700 далилге негизделген.

Расмий Минск буга чейин баяндаманы даярдаган эксперттер менен кызматташуудан баш тарткан.

9-августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгында Лукашенко жеңгени жарыялангандан бери Минск баштаган бир катар шаарларда нааразылык акциялары токтой элек. Демонстранттар Лукашенконун кызматтан кетишин жана жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.

Батыш мамлекеттери Лукашенкону легитимдүү президент катары тааныган эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG