Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:22

Садыр Жапаров: өлкөнүн өнүгүшү үчүн аракеттерде журналисттердин салымы эбегейсиз


Кыргызстандык журналисттер. Архив.
Кыргызстандык журналисттер. Архив.

Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров мамлекеттин тарыхый окуяларында, социалдык-экономикалык, маданий жактан өнүгүшүндө журналисттердин кошкон салымы чоң экенин билдирди. Бул тууралуу Жапаровдун 7-ноябрь - Кыргызстандагы Маалымат жана басма сөз күнүнө карата жарыяланган куттуктоосунда айтылат.

«Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө журналисттик адистиктин мааниси артып, маалыматсыз жашоо элестетилбей калган учур. Мындай шартта демократиялык өнүгүү жолундагы Кыргызстан үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ачык-айкындыгынын баасы өтө жогору экенин өлкө турмушундагы орчундуу окуялар таасын далилдеп келет. Өлкөбүздүн тарыхый урунттуу учурларына, мамлекеттин социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык жактан өнүгүшү үчүн жасалып жаткан бардык иш-аракеттерде да курч калем ээлеринин кошкон салымы эбегейсиз», деди Жапаров.

Өкмөт башчы журналисттерди даталуу күн менен куттуктап, бийлик менен элдин ортосун жакындатууга салым кошууга чакырды.

Өлкөдө 7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү белгиленет. Кыргыз тилиндеги туңгуч «Эркин Тоо» гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөн. Кыргызстандын Юстиция министрлигинен миңден ашуун гезит-журнал каттоодон өткөн.

Бирок 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары расмий белгиленип, бул күндөр дем алыш деп жарыяланган.

Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы мыйзам долбоорун сунуш кылып, аны парламент колдогон. Анын негизинде 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG