Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Юрист Токтакунов жаңы бийликтин жетекчисине кайрылды


Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

Белгилүү юрист Нурбек Токтакунов президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаровго кайрылып, мурунку мамлекет башчыларынын катасын кайталабоого чакырды. Токтакунов өзүн видео кайрылуусун «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, силер азыр мурунку президенттердин негизги катасын кайрадан кайталап жатасыңар. Бул ката - мамлекеттик бийликтин үч бутагын ээлеп алуу. Өкмөт башынан эле силердин колуңарда, Жогорку сот алдыңарга жатып берди, анткени аябай маанилүү Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) арызын кароодон формалдуу негиздерге таянып баш тартты. Жогорку Кеңешке өз кишиңерди коюп койдуңар. Мамлекеттин үч бутагын ээлеп алуу жүгүн мурунку төрт президенттин эч кимиси көтөрө алган жок. Садыр Нургожоевич, силер да көтөрө албайсыңар. Кийин чимкирик сот, чимкирик парламент «Садыр Жапаров күчкө салып өзүнө керектүү мыйзамдарды чыгартып алды» деп актанат. Баш мыйзамды тебелегениңер үчүн эл алдында жеке өзүңөр жооп бересиңер», - деди Токтакунов.

Айрым жарандык коом өкүлдөрү Садыр Жапаровду «бийликти узурпация кылууда» деп сындап жатышат. Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 3-ноябрда Ош шаарында эл менен жолугушуу учурунда «бийликти узурпация кылууда» деген саясий атаандаштарынын дооматтарын четке кагып, «бардык өзгөртүүлөр ачык-айкын өтөт» деп айткан болчу.

«Конституциялык реформаларга барабыз деп долбоорлорду даярдадык. Бут тосуу абдан күч. «Бийликти узурпация кылганы жатат, Түркмөнстан болгону жатат, Конституцияны жабык эшик артында даярдап жатышат» деп сындашууда. Эч кандай жабык даярдалган жок жана даярдалбайт дагы. Бардыгы коомчулуктун талкуусуна чыгат», - деди Жапаров.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна ушул күнү келип түшкөн.

Бул шашылыш кабыл алынган документке ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалышы керек.

«Реформа» партиясы парламент 22-октябрда кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылган. Конституциялык палата кайрылууну кабыл алып, аны кароого даярдык жүрүп жатканын билдирди. (TSh)

XS
SM
MD
LG