Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Быйыл чек арада он чакты чыр катталды


Кыргыз чек арачылары.
Кыргыз чек арачылары.

2020-жылдын тогуз айындагы маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек арада жети, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында үч жолу чыр чыккан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын тогуз айдын жыйынтыгы боюнча маалыматында айтылат.

Кабарга караганда, өлкө чек арасынан 6 млн. 221 миң 700 киши кирип-чыккан. Мыйзам бузуу боюнча 104 киши кармалган, анын 45и чек ара режимин бузган. 1264 адамдын документти туура эмес экени аныкталган. 316 адам депортация болгон.

Тогуз айда чек арачылар аткезчилик менен ташып бараткан 18 млн. 203 миң 770 сомдук жүктү аныкташкан. Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ылайык документи жок 41 млн. 634 миң 108 сомдук товар кармалганы кабарланды. (TSh)

XS
SM
MD
LG