Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

ЖАМК: Атамбаевдин сүрөтү боюнча эки соттолуучу жазаланды


Алмазбек Атамбаев. 27-июнь, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев. 27-июнь, 2019-жыл.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) №47 абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүнүн Интернетке жарыяланып кеткени боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматка ылайык, Атамбаевдин сүрөтү 5-ноябрда кечки текшерүү учурунда тартылганы аныкталган. Анда мурдагы президент башка соттолуучулар менен маектешип турган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 30 жылга кесилген 26 жаштагы соттолуучудан телефон табылган. Анын жанында 17 жылга соттолгон шериги болгон. Алар абак эрежесин бузгандыгы үчүн 15 суткага айып изоляторуна киргизилгени айтылды.

6-ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абакта башка соттолуучулар менен турган сүрөтү Интернетке жарыяланып, социалдык тармактын колдонуучуларынын талкуусуна жем таштаган.

Алмазбек Атамбаев былтыр август айында кармалгандан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында кармалып келген.

26-октябрда Бишкектин №1 тергөө абагына которулган. Атамбаев №1 тергөө абагындагы шарты жок камерага отургузулганына байланыштуу ачкачылык акциясын жарыялаган. 27-октябрда №47 абакка которулгандан кийин ачкачылык акциясын токтоткон.

Быйыл июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча өкүм чыгарып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган, мүлкү конфискацияланган, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган. Августта Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

6-октябрга караган түндөгү тополоңдо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар, Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бир тобу тарапташтарынын аракети менен түрмөдөн бошотулган. Кийинчерээк Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн кармалып, түрмөгө кайтарылган.

УКМКнын тергөө абагында отурган Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) ден соолугуна байланыштуу №47 абакка 5-ноябрда которулган. (TSh)

XS
SM
MD
LG