Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Жапаров, Отунбаева жана Жээнбеков «Ата-Бейиттеги» иш-чарага катышты


Экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров. 7-ноябрь, 2020-жыл. «Таазим» тарыхый-мемориалдык музейи.
Экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров. 7-ноябрь, 2020-жыл. «Таазим» тарыхый-мемориалдык музейи.

7-8-ноябрь Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнүнө байланыштуу президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров, экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баш болгон бийлик өкүлдөрү «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты.

Алар 1916-жылдагы окуяга арналган мемориалга, саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелигине, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине жана 2010-жылдагы апрель окуясында курман болгондордун бейиттерине гүл коюп, куран окутушту.

Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы мыйзам долбоорун сунуш кылып, парламент колдогон.

Анын негизинде 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган. Кыргызстанда бул күндөр расмий майрам болуп саналат. (TSh)

XS
SM
MD
LG