Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынына катышты


Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров жана өкмөт мүчөлөрү. 6-ноябрь, 2020-жыл.

6-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Отурум видеоконференция форматында өтүп, Садыр Жапаров Кыргызстандагы коомдук-саясий абал туруктуу экенин, өлкөдөгү саясий жараяндар укуктук жолго түшкөнүн айтып берди. Ошондой эле ал Кыргызстан буга чейинки кабыл алынган чечимдерди, макулдашылган эки тараптуу келишимдердин аткарылышын толугу менен сактай турганын белгиледи.

КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары кызматташтык жаатында бир катар документтерге кол коюшту. Кийинки жыйын 2021-жылдын 28-майында Минск шаарында өтөрү белгилүү болду.

Садыр Жапаровдун бийликке келгенден бери алгачкы жолу эл аралык жыйынга катышты.

4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги башаламандыкка айланып, өлкөдө бийлик алмашкан.

Тарапкерлери абактан бошоткон Садыр Жапаров алгач өкмөт башчы болуп шайланып, азыр президенттин милдетин аткарып жатат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG