Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Садыр Жапаров Нарын облусун кыдырууда


Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.

Президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров бүгүн, 9-ноябрда иш сапар менен Нарын облусун кыдырууда. Ал бир катар социалдык объектилерди кыдырып, облустун коомчулук өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.

Мындан тышкары Жапаров Жогорку Нарын ГЭС каскады курула турган жерге барат.

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Бирок бул боюнча иш үзгүлтүккө учурагандыктан 2016-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG