Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Бишкек мэриясы: Жаңы жылдык фейерверк болбойт


Вице-мэр Айжан Чыныбаева Жаңы жылга даярдык маселесин талкуулаган жыйын өткөрүүдө. 2020-жылдын 9-ноябры.
Вице-мэр Айжан Чыныбаева Жаңы жылга даярдык маселесин талкуулаган жыйын өткөрүүдө. 2020-жылдын 9-ноябры.

Бишкек мэриясы быйыл Жаңы жылдык салют уюштурбай турган болду. Бул тууралуу баш калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева 9-ноябрда «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазды.

Чыныбаеванын айтымында, шаарды кооздош үчүн жаңы жасалга да сатылып алынбайт.

«Жаңы жылдык фейерверктен жана жаңы жасалгаларды сатып алуудан баш тартууну чечтик. Шаардын көчөлөрүн жана башкы аянтты кооздоо үчүн колдонууга мүмкүн болгон жана көрүнүктүү жасалгалардын бардыгы колдонулат».

Вице-мэр үнөмдөлгөн акчага майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана ардагерлерге белек-бечкек сатылып алынарын айтты.

Былтыр, 2019-жылы борбор калааны жаңы жылдык майрамдарга карата кооздоого шаардык бюджеттен алты миллион 800 миң сом, 2018-жылы беш миллион сом каралган.

Быйыл 31-август, Эгемендик күнүнө карата Бишкекти жасалгалап, фейерверк уюштурууга эки миллион 700 миң сом бөлүнөрү айтылган.

Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу жазында баш калаада ишкерликтин көпчүлүк түрлөрүнө чектөө киргизилген. Майда жана орто бизнес өкүлдөрү чыгашага учураганын, андыктан салык жана башка төлөмдөрдү төлөөдө кыйынчылыкка дуушар болгонун билдирип жатышат. Мисалы, муниципалдык менчиктеги жер участогун пайдаланганы үчүн ижара акысын төлөбөй жүргөндөрдүн эле карызы 380 миллион сомго жеткенин 4-ноябрда мэрия кабарлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG