Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

COVID-19: Ооруканада жаткан 3457 бейтаптын 71инин гана абалы канааттандырарлык


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу ооруканада жаткан 3 457 бейтаптын 71инин гана абалы канааттандырарлык, калгандарынын абалын дарыгерлер орточо оордукта, оор жана өтө оор деп баалап жатышат. 9-ноябрга карата расмий маалыматка караганда, 1 004 бейтаптын абалы оор, алар COVID-19 боюнча ооруканада жаткандардын 29% түзүүдө.

Бейтаптардын 3,7% өтө оор абалда, алардын жалпы саны 131 адам.

Мындан тышкары 2251 бейтаптын абалын дарыгерлер орточо оордукта деп мүнөздөп жатышат. Алар ооруканада жаткандардын 65% барабар.

Ооруканада жаткан 3 457 адамдан тышкары дагы 3 737 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул оору жуккандардын жалпы саны 63 390 кишиге жетти. Алардын 1 182си көз жумду. (RK)

XS
SM
MD
LG