Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:28

Бишкекте күзгү бак-дарак отургузуу сезону башталды


«Бишкек жашылдандыруу чарбасы» ишканасынын жумушчулары.
«Бишкек жашылдандыруу чарбасы» ишканасынын жумушчулары.

Бишкекте күзгү бак-дарак отургузуу сезону башталды. Баш калаанын мэриясы кабарлагандай, «Бишкек жашылдандыруу чарбасы» ишканасынын жумушчулары 8-ноябрда Кара-Жыгач конушунун жанындагы тилкеге 80 түп алтыгана отургузушту. Ушул эле жерде ясень багынын көчөттөрү отургузулат.

Шаардын чыгыш тарабында, Салиева атындагы көчөнү бойлой 80 түп катальпа отургузулду.

Башка жерлерде да жашылдандыруу иши уланууда.

Бишкек шаары мурда бак-даракка оролгон калаа катары таанымал болчу. Бирок кийинки жылдары алардын көбү кыйылып, ордуна жолдор салынып, көп кабат үйлөр курулду.

Эколог адистердин айтымында, норма боюнча шаардагы бир адамга кеминде 21 чарчы метр бак-дарак же гүл отургузулган жер туура келиши керек. Азыр бул көрсөткүч 3-4 чарчы метрдин тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG