Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Тбилисиде полиция митингдин катышуучуларына күч колдонду


Тбилисиде полиция митингдин катышуучуларын суу чачып таркатты. 8-ноябрь, 2020-жыл.
Тбилисиде полиция митингдин катышуучуларын суу чачып таркатты. 8-ноябрь, 2020-жыл.

Грузиянын баш калаасы Тбилисиде 8-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отставкасын жана жаңы парламенттик шайлоонун өткөрүлүшүн талап кылган митинг өттү. Анын катышуучуларын полиция суу бүркүп таратты.

Укук коргоочу уюмдар күч түзүмдөрүн демонстранттарга каршы күч колдонбоого чакырышты. Бирок бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын айтымында, оппозиция өкүлдөрү БШКнын имаратына кирип барууга аракет кылгандыктан полициянын кадамы туура болгон.

«Азаттык» радиосунун грузин кызматы демонстранттардын имаратка кирип баруу же полицияга кол салуу аракети болбогонун билдирди. Журналисттердин айтымында, полиция эскертүүсүз эле жүздөгөн адамдарга суу чача баштаган. Грузия мыйзамдарына ылайык, полиция суу чачардын алдында карапайым тургундарга эскертүү бериши керек эле.

Оппозиция коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген коменданттык саатка карабай 9-ноябрда да каршылык акцияларын улантарын билдирди.

31-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо миллиардер Бидзина Иванишвили түптөгөн «Грузин кыялы» партиясы калктын 48,15% колдоосуна ээ болуп, жеңишке жеткен.

Шайлоонун жыйынтыгын оппозициядагы бир да партия тааныган эмес. Ушундан улам парламенттин жаңы чакырылышына өткөн оппозициячыл депутаттар өз мандаттарынан баш тартышты. Андан бери Грузияда толкундоо токтой элек.

XS
SM
MD
LG