Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:31

Кара-Суу районунда 5,5 млн. сомду карактоо үчүн шектүү эки жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

6-ноябрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 5,5 миллион сомдон ашуун акча каражатын карактоого шектүү катары эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматында кылмыш боюнча шек саналган Алай районунун 36 жаштагы, Ысык-Көл облусунуна караштуу Ысык-Көл районунун 29 жаштагы тургуну Ош шаарына жакын жайгашкан Фуркат айылында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аталган факт боюнча облустук милицияга 20-октябрь күнү Кара-Суу районунун тургуну автоунаа айдап бара жаткан жеринен аны башка эки автоунаа менен келген беш киши сүзүп токтотуп, жанындагы беш миллион 186 миӊ сомун, 2500 АКШ долларын жана 130 миӊ рублин карактап кеткенин айтып кайрылган. Жабырлануучу кылмышкерлер аны ок атуучу курал менен коркутканын да айткан.

Ошол эле күнү Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунун («Куралды же курал катары колдонулуучу буюмдарды колдонуу менен болгон каракчылык») негизинде Кара-Суу РИИБинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталган.

Кылмышка тиешелүү башка жарандарды тактоо жана ага тиешеси бар шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар улантылууда. (DU)

XS
SM
MD
LG