Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Эрдоган күйөө баласынын кызматтан кетишине макулдук берди


Берат Албайрак.
Берат Албайрак.

9-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган финансы жана казына министри Берат Албайрактын кызматтан кетүү жөнүндө арызына кол койду. Министр 8-ноябрда «Инстаграмдагы» баракчасына ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетип жатканын жазган. Жергиликтүү серепчилер министр Албайрактын кызматтан кетишин өлкөдөгү экономикалык кризиске байланыштырышууда.

Берат Албайрак бул кызматка 2018-жылы келген. Буга чейин ал түрк парламентинде депутат болуп, энергетика жана табигый ресурстар министри болуп да иштеген.

42 жаштагы Берат Албайрак - президент Эрдогандын кичүү күйөө баласы. Ал жогорку билимин Стамбулда жана АКШда алган. (ElB)

XS
SM
MD
LG