Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Путин: Кыргызстан соңку окуяларды өз алдынча териштирип алышы керек


Владимир Путин, Орусиянын президенти. Архивдик сүрөт.
Владимир Путин, Орусиянын президенти. Архивдик сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан соңку окуяларга байланыштуу чечимдерди өз алдынча кабыл алышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал 10-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) онлайн саммитинде сүйлөп жатып айтты.

Путин Беларустагы абалга токтолуп, бул өлкө “тышкы күчтөрдүн соккусуна” кабылып отурганын белгиледи. Ошону менен катар ал “Беларустарга баарын өз алдынча, тынч териштирип алууга жана тийиштүү кадамдарды жасоого мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Бул маселе толугу менен Кыргызстандагы соңку окуяларга жана Молдовадагы ички саясий күрөшкө да тийиштүү” деди.

ШКУ уюмунун саммити коронавирус пандемиясына байланыштуу аралыктан өтүп жатат. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын катарында Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров да катышууда.

4-октябрда Кыргызстанда өткөн кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. (RK)

XS
SM
MD
LG